Редакцияот 18.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

 

2015-жылдын 18-ноябры № 18

АРИСтин каржылоосуна чакан жана ири долбоорлорду сунуштоо

АИД-3 долбоорунун Кара Суу айылдык аймагынын конкурстук комиссиясынын сунуштарын карап чыгып Кара Суу айылдык аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. АИД-3 долбоорунун Кара Суу айылдык аймагынын конкурстук комиссиясынын чакан жана ири долбоорго көйгөйлөрү жактырылсын.

2. Ири долбоорго Кара Суу айылынын маданият үйүн куруу, “чакан” долбоорго А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин ажаатканасын куруу маселелерин АРИСтин каржылоосуна жөнөтүлсүн.

3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Курманалиева