Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2015-жылдын 28-апрели № 13/2а

Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы жашоочуларынын чегерилген жайкы жайлоолого  көчүрүүнүн жана кыштоолоруна көчүп келүүлөрүнүн мөөнөтүн белгилөө жөнүндө

Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин кезектеги (V шайланган) №13-сессиясынын жыйналышында каралган Сары-Булак айылдык окуругунун жыйналышы сунуштаган айылдык округунун аймагындагы жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоолорго көчүрүүнүн жана жайкы айлоолордон кыштоолоруна көчүп келүунү белгилөө жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин кезектеги (V шайланган) №13-сессиясынын заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин аймагында жайгашкан Сары-Булак, Сары-Күнгөй, Ак-Колот, Тоуз-Булак айылдарынын жашоочулардын чегерилген жайкы жашоочуларга  2015-жылдын 10-майында 15-май күнүнө чейин көчүп чыгуусу жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна 1-сентябрдан кийин көчүп келүулөрү, Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа, Кара-Булак, Кызыл-Булак  айылдарынын жашоочулардын 2015-жылдын 15-майынан 20-май күнүнө чейин көчүп чыгуусу жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна 10-сентябрдан кийин көчүп келүүлөрү белгиленсин.

2. Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоорого белгиленген мөөнөтүнөн кечигип көчкөндөргө  жана жайкы жайлоородон  белгиленген мөөнөтүнөн мурда түшкөндөргө 50000 (элүү миң ) сом акчалай айып төлөөлөрү белгиленсин.

3. Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы Кара-Булак  айылынын Коруулдун белиндеги жайлоосуна өзүм билемдик менен көчүп чыгып алган атуулдарга 50000 миң элүү миң) сом өлчөмүндө  акчалай айып төлөөлөрү белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин агрардык азык-түлүк, жер жана жер ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Сары-булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Кенжебаев