Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2015-жылдын 28-апрели № 13/2б

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чөп чабык жер  аянттарынын аренда салыгынын өлчөмүн  белгилөө жөнүндө

Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин кезектеги (v шайланган) №13-сессиясынын жыйналышынын  күн тартибиндеги 2 маселени угуп жана талкуулап Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин кезексиз (v шайланган) № 13-сессиясынын жыйналышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында арендага берилген Чөп  чабык жер аянттарынын аренда салыгынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү Сары-Булак айыл өкмөтүнүн заседаниесинин сунушу жактырылсын.

2. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында Чөп чабык жер аянттарына 1 га Чөп орунду аянтына аренда салыгы 200 сом өлчөмүнө бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышынын такай көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Сары-Булак айылдык окуругдук Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Сары-булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Кенжебаев