Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 28-январы № 83
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетине кошумча озгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына карата 2014-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана бекитилген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылыгандыгынын натыйжасында бош 2629,2 мин сом акча каражаты айылдык кенештин кошумча токтомдору менен Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн тийиштүү бөлүктөрү аркылуу 2015-жылдын бюджетине 2629,2 мин сомго көбөйтүлүп аткарылууга тийиш. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн балансындагы кызматтык автоунаа эскилиги жетип ыкчам иш жүргүзүүгө жарабай калгандыктан Дөн-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүгү аркылуу 307,0 мин сом 2015-жылдын 1-кварталына көбөйтүлүп 31121210-женил автоунаа сатып алуу элементи аркылуу аткарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы жана салык меселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |