Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXV сессиясы
2015-жылдын 7-марты № 84
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча мекеме уюмдарын Бахмал, Тоголок Молдо, Т.Сарыков, Г.С.Титов жана Ж.Шеркулов атындагы орто мектептеринин айылдык клубдардын жана ФАП кызматкерлери менен айылдык комитеттин башчыларынын иш-план боюнча 2014-жылы аткарылган жумуштарынын отчетторун угуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча мекеме уюмдарын Бахмал, Тоголок Молдо, Т.Сарыков, Г.С.Титов жана Ж.Шеркулов атындагы орто мектептеринин айылдык клубдардын жана ФАП кызматкерлери менен айылдык комитеттин башчыларынын иш-план боюнча 2014-жылы аткарылган жумуштарынын отчетторун угуп жана талкуулап Дөн-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл окмотунун аймагындагы билим беруу, маданият жана саламаттыкты сактоо мекеме уюмдардын Бахмал, Тоголок Молдо, Т.Сарыков, Г.С.Титов жана Ж.Шеркулов атындагы орто мектептеринин айылдык клубдардын жана ФАП кызматкерлери менен айылдык башчыларынын иш-план боюнча 2014-жылы аткарган жумуштарынын маалымат отчеттору эске алынып канааттандырарлык деп табылсын.
2. Мектеп директорлоруна 2014-2015-окуу жылында жүргүзүп жаткан иштериндеги айрым кемчилдиктерди тез арада жоюу жагы милдеттендирилсин.
3. Социалдык жактан коргоо боюнча жетектөөчү адистин 2014-жылда аткарган ишинин отчету канааттандырарлык деп табылсын жана аткарып жаткан иштери жөнүндө туруктуу комиссияга маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановго милдеттендирилсин.
- Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки, мектепте окутуунун сапатын, сабакка катышуусун, окуучулардын билим денгээлин атайын адистердин жардамы менен катуу көзөмөлгө алуу:
- айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн, клубтардын абалын, кызматкерлердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат алып колдоо көрсөтүү:
-айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФАП кызматкерлеринин калкты тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштерин көзөмөлгө алуу:
- айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын көйгөй маселелерин чечүүдө жана айылдарды 2014-2015-жылдары өнүктүрүүгө атайын программаларды иштеп чыгып сессияга сунуштоо:
- социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчилдиктерди ондоо жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер меселеси жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |