Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № 1
Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө
Шадыкан айылдык кеңеши, айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин долбоорун угуп талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 4670,3 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше булактары төмөндөгүдөй түзүлсүн (миң сом)
- Теңдөөчү грант - 2243,4 миң сом
Жалпы кирешелер
Салык төлөмдөрү - 1678,9
- Иш берүүчүлор тарабынан айлык акынын
кармалуучу киреше салыгы - 370,0
- Транспор ээлеринен алынуучу салык - 205,0 миң сом
- Короо жай жер салыгы - 105,0 миң сом
- Айыл чарба жер салыгы - 625,3 миң сом
- Чакар ишкерлерден, субъектилерден
алынуучу киреше салдыгы - 8,0
- Айыл чарба багытында эмес жерлердин салыгы 5,1 миң сом
- Патенттик негизинде кирешеден алынуучу салык 135,0 миң сом
- Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык 5,5
- Сатуудан алынуучу салык 220,0 миң сом
Салык эмес киреше булактары 748,0
КБФ жерлеринин ижара акысы 720,0
Юст. Орг. тарабынан кармалуучу мамл.пошлина 15,0
Админ. Штраф жана штрафттык санкция 3,0
Жайлардын аренда акысы 2,0
Калктуу конуштарды жер ижарасы үчүн 8,0
Жалпысы : 4670,3
Чыгашалар бөлүгү 4670,3 миң сом өлчөмүндө төмөнкү бөлүмдөр боюнча бекитилсин.
1. Башкаруу аппаратына 2077,6 миң сом
2. Билим берүү бөлүмүнө 605,6 миң сом
3. Социалдык коргоо бөлүмүнө 247,0 миң сом
4. ЖХА бөлүмүнө 1501,0 миң сом
5. Маданият бөлүмүнө 119,1 миң сом
6. Аборона 120,0 миң сом
1. Жергиликтүү бюджетте каралган белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте коргогон статьялар боюнча жумшалсын. (эмгек акы, соц фонд, коминалдык чыгымдар).
2. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджеттен белгиленген суммадан ашып түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша болүгүнө өзгөртүүнү киргизүү жагы айылдык м кеңештин сессиясына сунушталып, планга тактоо киргизүү каржы министрлигинен суралсын.
3. Бюджетти аткаруу процессинде арыл учурларда кварталдан кварталга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
4. Бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан стаьяга жылдыруу айылд өкмөтүнүн финансы экономикалык сунушунун негизинде айылдык аймактык кеңештин сессиясын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү белгиленсин.
5. “014-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2015-жылга карата 3,0 миң сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражжаттык запас түзүлүп, жыл ичинде керектүү учурда пайдаланып кайра орду толуктиалып жыл этегине чейин эсептик счетто сакталсын.
6. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2015 жылдын 20-январындагы № Б-3/У буйругунун негизинде жергиликтүү бюджеттен, 2015-жылы күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдарда тез арада кутаруу иштерин уюштуруу жана анын кесепетин жоюу үчүн 120,0 миң сом акча өлчөмүндө “Кол тйгис” акча и каражаттарынын запасы түзүлсүн.
7. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 21 статьясына ылайыктуу (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын 20. 07. 20014-жыл № 93, 14.02.2008-ж № 14 редакциясы боюнча ) жергиликтүү бюджеттин чыгашасынын 1 % тине чейинки өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн ар кандай социалдык экономикалык маданий чыгымдарыгна 42,2 миң сом резервдик фонд түзүлүп айыл өкмөтүнүн башчысынын тескөөсүнө берилсин.
8. 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыю салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүң башчысы Г.Жээнбаевага милдеттендирилсин.
9. Бюджеттин кинреше булактары болгон салык жана салдык эмес төлөмдөрдү жыйноодо,өткөн жылдардан калган суммаларды толук өндүрүүгө айыл өкмөтүнүн салык кызаткерине катуу талап койулсун.
10. Салык кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар мөөнөтүнөн кечиктирилбей алынсын.
11. Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын коефценти К1=1,04 болуп айыл чарба багытында жерлеринин жер салыгын чегерүүнүн коэфиценти К1=1,04 болуп белгиленсин.
12. Ал эми мектепттердин жыл ичиндеги ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05. 2013-жылынын № 302 токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй окуу тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары билим берүү минстрлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
14. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңтештирүү гранттары коргоодогу статьяларына (эмгек акысы, сос фонд жана электиро энергиясынын чымдарына) каралуусу белгиленсин.
15. БУУ нун “Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасынын “ алкагында мектептердеги тамак аш берүүнү оптимизациялоо долбоорун колдоо максатында өздүк салым ирээтинде 1-4 класстын окуучуларынын тамак аш чыгымдарына 40,5 сом каралдсын.
16. 2016-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 4766,3 миң сом анын ичинен теңдөөчү грант 2393,4 миң сом 2017-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 4850,8 миң сом. Анын ичинен теңдөөчү грант 2357,9 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Байгончоков |