Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-мартындагы № 3
Шадыкан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Шадыкан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап депутаттардын Шадыкан айылдык Кеңешинин 26-чакырылышынын 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 135 000 сом акча каражатын түзгөндүгүн эске алсын.
2. Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 135 000 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Шадыкан айыл аймагынын
- ТЖК бөлүмүнө келишим менен иштегендерге 2111 эмгек акасы - 115,2 миң сом
- Социалдык фондго төгүмдөр 2121 - 19,8 миң сом
3. Бул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүм берүү Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Г.Жээнбаевага жүктөлсүнэ.
Төрага | А. Байгончоков |