Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-мартындагы №5
Шадыкан айыл аймагына караштуу С.Көчөрбаев атындагы эски имараты жөнүндө
Шадыкан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 2015-жылдын 18-мартындагы 1-сессиясына айыл өкмөт башчысы М.Ызабековдун Шадыкан айыл аймагына караштуу Түйтө айылындагы С.Көчөрбаев атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп балдар бакчасын ачуу демилгесин угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылындагы Солтонбек Көчөрбаев атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп балдар бакчасы ачылсын деп табылсын.
2. Долбоордун жалпы суммасы 3337907 сомду түзүп өздүк салымы 343804 сомду түзүп анын ичинен 171902 Шадыкан айыл аймагынын 2015-жылдын бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Мындан тышкары өздүк салымдан калган 50% бөлүгү 171902 сому материал түрүндө жана эмгек ресурсу менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Шадыкан айыл аймагынын башчысы М.Ызабековго милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Байгончоков |