ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шадыкан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1 сессиясы
2016-жылдын 10-февралындагы №1
1. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 27.01.2016- жылдагы №17/56 катына жооп кылып Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 жана 339 беренелерине ылайык, жер салыгынын базалык ставкаларынын көтөрүлүшүнө Шадыкан айылдык Кеңешинин депутаттары сугат суунун өз убагында жетбегендигин эске алып талкуулап бир добуштан салыктын көтөрүлбөшүн колдошту.
2. 2016-жылга айыл чарба багытындагы жер салыгы өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Байгончоков |