Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-февралындагы №2
Шадыкан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Шадыкан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап депутаттардын Шадыкан айылдык Кеңешинин 26-чакырылышынын 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 294,9 сом акча каражатын түзгөндүгүн эске алсын.
2. Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 294878 сом 21 тыйын акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Шадыкан айыл аймагынын
- ТЖК бөлүмүнө келишим менен иштегендерге 2111 эмгек акасы - 112,0 миң сом
- Социалдык фондго төгүмдөр 2121 - 19,3 миң сом
- Ар кандай чыгымдарга 2215 -163578 сом 21 тыйын
3. Бул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүм берүү Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Г.Жээнбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Байгончоков |