Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-февралындагы №26-2
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы “Бирлик” үрөөнчүлүк чарбасы тарабынан дыйкандарыбызга сапаттуу жогору түшүм берүүчү үрөндөр менен камсыз кылууда алып барып жаткан иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча “Бирлик” үрөөнчүлүк чарбасынын башчысы Х. Тажибаевдин маалыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы “Бирлик” үрөнчүлүк чарбасы тарабынан дыйкандарыбызга сапаттуу жогору түшүм берүүчү үрөндөр менен камсыз кылууда алып барып жаткан иштери жөнүндө үрөөнчүлүк чарбасынын башчысы Х. Тажибаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Үрөөнчүлүк чарбасы айыл чарба эгиндерин пахта, буудай үрөөндөрүн жетиштирүүдө толук агротехникалык эрежелерде пайдалануусу белгиленсин.
3. Дыйкандарга пахта, буудайдын зыянкечтерге туруктуу, жогору түшүм берүүчү, сапаттуу жаңы биздин районго ыңгалашкан үрөндөрдөр менен камсыз кылуу жагы колго алынсын.
4. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камыз болгон үй-бүлөөлөргө керектелүүчү пахта, буудайдын үрөндөрү акысыз берүүсү сунушталсын.
5. Ишсиз жүргөн айыл өкмөтүнүн тургундарын убактылуу иш менен камсыз кылуу жагы белгиленсин.
6. Үрөөнчүлүк чарбасына бекитилген жер аянтына айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишим боюнча иш алып барып, келишимде көрсөтүлгөн пунктун негизинде ижара акыларын өз убагында төлөө жагы жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |