Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-февралындагы №26-3
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы аксакалдар сотунун жана аялдар Кенеши тарабынан аткарылган иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн аксакалдар жана аялдар кеңештеринин төрагалары Н. Гуломидинов жана М. Эргашовалардын маалыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы аксакалдар сотунун жана аялдар Кенеши тарабынан аткарылган иштери жөнүндө Н. Гуломидинов жана М. Эргашовалардын маалыматтары эске алынсын.
2. Кылмыштуулуктун алдын алууда жер-жерлердеги коомдук уюмдар, көчө комитеттери, жамааттар менен аялдар кеңеши жана аксакалдар соту тыгыз байланышта болуп, эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин, профилактиканы күчөтүп, иш алып баруу колго алынсын.
3. Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түнкү күзөтүү уюштуруп, аларга усулдук жардам көрсөтүү менен жаштар арасында кеңири түшүндүрүү иштерин колго алып, тегерек столдорду, практикалык окуу-семинарларды уюштуруп, аларга тийиштүү күч органдарынын кызматкерлерин чакыруу менен жаштарды кылмыштуулуктан кайтарууну бардык чараларын көрүү айыл башчыларга, аялдар жана аксакалдар кеңештерине тапшырылсын.
4. Айыл өкмөтүнүн аймагында диний-экстремизмге каршы күрөшүү максатында айыл Өкмөтүнүн аймагынан башка мамлекеттерде болуп жаткан согуш майданына чыгып кеткен деп шектелген жарандардын тизмелери такталып жана алардан үй бүлө мүчөлөрү, бир туугандары, ата-энелери жана балдардары менен профилактик түшүндүрүү иштерин алып бару жагы колго алынсын.
5. Тойлордо, өлүм жана мареекелерде ашыкча сарптоолордун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү колго алнсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин социадык-маданий жана депутаттык этика маслелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С.Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |