Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-февралындагы №27-6
Араван районунун аймактык ооруканасынын башкы дарыгери У.А.Мамажановдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Араван районунун аймактык ооруканасынын башкы дарыгери У.А.Мамажановдун 04.02.2017-жылдагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн алдындагы жерге оорулардын туугандары үчүн атайын күтүүчү жай курууга материалдык жактан көмөк көрсөтүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратууга макулдук сурап жазган №85 саны менен катталган кайрылуусун карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин эсебинен Араван районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн алдындагы жерге оорулардын туугандары үчүн атайын күтүүчү жай курууга 100000 (жүз миң) сом акча каражаты материалдык жактан көмөк көрсөтүү үчүн берүүгө макулдук берилсин.
2 Бюджеттин эсебинен ажыратылган акчаны аймактык оорукананын эсебине которуп берүү жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык Кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Исмаилов |