Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралындагы №27-8
Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн айыл өкмөтүндөгү ыйгарым өкүлдөрүнүн кайрылуусун кароо жөнүндө
Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн айыл өкмөтүндөгү ыйгарым өкүлдөрүнүн айыл өкмөтүндөгү коомдук алдын алуу борборунун ишин жандандыруу, милициянын ыйгарым өкүлдөрүнө шарт түзүү, аларды зарыл болгон каражаттар (кеңсе товарлары, ГСМ, орг. техникаларды ремонттоо жана башка) менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу жөнүндө кайрылуусунун карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн айыл өкмөтүндөгү ыйгарым өкүлдөрүнүн айыл өкмөтүндөгү коомдук алдын алуу борборунун ишин жандандыруу, милициянын ыйгарым өкүлдөрүнө шарт түзүү, аларды зарыл болгон каражаттар (кеңсе товарлары, ГСМ, орг. техникаларды ремонттоо жана башка) менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеёештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Исмаилов |