Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралындагы №27-9
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөр жана кошумчалар киритүү жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтү тарабынан сунушталган айыл өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына киритилген өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы өзгөртүүлөрү жана кошумчалары менен бекитилсин. (план тиркелет)
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планында белгиленген иш чараларды аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планында белгиленген иш чараларды аткарылышы боюнча жылдык очетторду угуу белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннапов |
С. Юсупова айылдык Кеңешинин
4-чакырылышынын 27-сессиясынын
№ 27-9- токтому менен бекитилген.
Мазмуну:
Кириш сөз.
1. Стратегия элеси.
2. Миссия.
3. С.Юсупова атындагы айыл өкмөттүн профайлы.
4. Тышкы чойрону анализдөө.
5. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн бюджетин анализдөө.
6. Менчик анализи (Тиркеме 1)
7. SWOT - Анализи.
8. Иш-чаралар:
1.
2.
3.
4.
5.
6.
7.
8.
9.
9.1. Социалдык багыт.
9.2. Экономика.
9.3. Айыл чарба.
9.4. Инфраструктура.
9.5. Кадрлар менен иштөө.
9. Мониторинг.
Сонку сөз.
Тиркеме 2. С.Юсупова айыл аймагы боюнча жарандарды сурамжылоонун жыйынтыгы.
Тиркеме 3. С.Юсупова айыл аймагынын жарандарынын муктаждыгын баалоо боюнча маалымат.
Урматтуу окурман!
Биз, СЮсупова айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык Кенешинин депутаттары, жаштар өкүлчүлүктөрү жана ошондой эле кызыккан жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирге жаңы 2017-2021 -жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыктык.
Биздин иш аракеттер MSDSP KG - Кыргызстандын Тоолуу Аймактарындагы Жааматтардын ӨнүгүүсүнКолдооПрограммасынынКоомдукФонду (Ага-Ханфондунундемилгеси) «Коомчулуктардын демилгелерин колдоо аркылуу социалдык биримдикти бекемдөө»долбоору менен ишке ашырылган.
Урматту окурман, Сиздин колуңуздагы СЮсупова айыл аймагынын 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы менен толук таанышып чыгышыңызды каалайт элем, себеби бул планды түзүүдө жумушчу топ өзүнүн болгон күч аракетин жумшап, кызыктуу идеяларды, алдыга койгон максаттарды белгилеп, кыялдануусун дагы жашырган жок. Жазылган ар бир сап айылдын өнүгүүсүнө түрткү боло турган дем менен курчалган.
Биз, С Юсупова айылдык аймагынын тургундары, өнүгүү планын ишке ашырылышына баардык мүмүкүнчүлүктөрүбүздү жумшайбыз жана кандай кана кыйынчылык болбосун, биримдикте иш алып барып, айыл аймагыбызды эң алдынкылардан кылууга аракет жумшап, жарандарыбызды бакубат жашоого жетишине түрткү берерибизге мен ишенем.
С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы:
Файзуллаев Ш.Х.
1. Стратегия элеси.
Биз, С. Юсупова айыл аймагынын тургундары келечекте айылыбызды
ü айыл чарбасы жаны технологиясы менен өнүккөн,
ü социалдык тармактары жогорку денгээлде (балдар бакчалары, мектептер, спорттук аянтчалар, китепканалар, медициналык имараттар жетиштүү, эл таза суу жана электр энергия менен толугу менен камсыз болот),
ü сапаттуу билим жана сапаттуу медицина кызматы менен камсыз болгон,
ü айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, эл жумуш орду менен камсыз болгон,
ü эли бакубат турмуш жашоого жетишкен,
ü айылдын инфраструктурасы өнүккөн, экологиясы таза, көчөлөрү түз, жарык, таза жана гүлдөрү көп,
ü эли маданияттуу жана жогорку билимдүү,
ü башкарууда күчтүү, профессионал кадрларга ээ болгон көп улуттуу, ынтымактуу
айыл деп көрөбүз!!!
2. Миссия.
ü Башкаруу органы элесге жетүү үчун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элине бардык шарттарды түзүү;
ü Жергилитүү өз алдынча башкаруу органы элеске жетүү үчүн ар бир жаранга, коомдук уюмга жана башка жарандык коомдук окутуна муниципалдык жана мамлекеттик органына Кыргыз Республикасын мыйзамдарына ылайык бирдей шарттарды түзөт;
ü Башкаруу органыда бардык иш чараларды ачык айдындуулук принциптери негизинде аткаруу;
ü Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл аймактын өнүгүүсүнө толук малыматтарды берүү, жарандарды чечим кабыл алуу процессин катыштыруу.
3. С.Юсупова атындагы
айыл өкмөтт/Н профайлы.
С. Юсупова Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 1999-жылы 16 сентябрда түзүлгөн. Айыл өкмөтү район борборунан алыстыгы 1 км. Облустук борбордон 25 км. Темир жол станциясынан 27 км, эл аралык «Ош» аэропортунан 30 км алыстыкта жайгашкан. Айыл өкмөт территориясы негизинен райондук центрде жайгашкан. Алыскы айыл Сүтхор айылы эсептелет. Ал Айыл өкмөт имаратынан 15 км алыста жайгашкан.
Айыл өкмөт батыштан Чекабад АӨ, чыгыштан А.Анаров АӨ, түштүгүнөн Мангыт АӨ, түндүктөн Нурабад айыл өкмөттөрү менен чектешет. Райондогу Араван-Сайдын оң жээгинен орун алган.
Айыл өкмөтүнүн рельефи дыйканчылык жана мал-чарбасы менен иштөөгө ыңгайлуу. Дениз деңгээлинен бийктиги 600 – 800 м. Климаты дыйканчылык үчүн өтө ынгайлуу, мезгил алмашуу өз убагында болот. Ошондуктан дыйкандар бир сезондо эки түшүм алышат. Дыйканчылык жакшы өнүккөн, жай айларында 40 – 450 С ысык болот, күз мезгили жакшы келет.
Калктын саны 22.01.2016 жылга карата: кожолук саны 4964, адам саны 24208, анын ичинен 11907 эркек, 12301 аялдар түзөт. Айыл өкмөт территориясында элдер тыгыз жашайт, 1 кв. метрге 80-100 - киши туура келет.
Калктын улуттук курамы:
· Кыргыздар – 2291
· Өзбектер – 21448
· Орустар – 47
· Тажиктер – 76
· Башка улуттар – 346 тузөт.
Айыл өкмөттүн аппаратында 27 штаттык бирдик бекитилген. Аппаратта 21 эркек, 6 аял эмгектенет.
Айыл кенешинин курамы 31 депутаттан турат, алардан 27 эркек, 4 аял.
Айыл өкмөтүнүн киреше булактары:
· Жергиликтүү бюджет – 28000,0 (2016 жылга карата).
· Республикалык бюджеттен (мугалимдер, тарбиячылар, медиктердин айлык маянасы) – 44590,6.
· Тендөөчү грант – 2795,4.
· Өсүү темпи – 173,5.
Айыл өкмөтүнүн калкы:
· Мал-чарба менен – 35 %;
· Дыйкан чарба менен – 43% (дыйканчылык жакшы өнүккөн, дыйкандар эртенки картошка, карам, помидор, бадыран, пияз, пахта, буудай жетиштирет);
· Соода-сатык – 16%;
· Кызмат көрсөтүү – 2%;
· Башкалар – 4%.
Айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянты – 15277 га. Айыл чарба жерлери – 8763 га.
· Жалпыайдооаянты 2131 га,
· Сугат – 1754 га,
· Кайрак – 377 га,
· Жайыт – 6439 га,
· Бак – 114 га,
· КБФ – 548 га,
· Тамарка – 449 га.
Айылаймактерриториясынын 40% инжайытжерлерээлейт. Бирок алар айыл өкмөттөн алыста жайгашканы үчүн толук пайдаланылбайт.
Азыркы учурда айыл өкмөтүндө мал чарбасы боюнча 1 ветврач жана 1 ветеринардык аптека, 7 ветеринар бар.
· Ийри мүйүздүү мал – 5182;
· Анын ичинен уйлар – 1951;
· Кой-эчкилер – 5510;
· Жылкы – 45;
· /й канаттуулар – 9483 даана.
Алардан алынган продукцияларын өндүрүү:
· Эт (тирүүлөй салмакта) – 796 т;
· Сүт – 3884 т;
· Жүн – 12 т;
· Жумуртка – 613,0
Айыл өкмөтү 90% таза суу менен камсыз болгон. Айыл өкмөттө 3 СООПВ кызмат көрсөтөт.
Бирок сугат суу маселеси Кызыл-Төбө, Бирлик, Сүтхор, Октябрь, Эрке-Кашка айылдарында оор. Жай айларында бул айылдарда сугат суу саат менен берилет. Айыл өкмөттө 19 скважина, 3 АВП иштейт.
Көчөлөрдү тазалоо иштери айыл өкмөтү жана жамааттар менен иш жүргүзүлөт.
АӨ аймагында 2652 атуул пенсия, 459 атуул пособия алышат. Пенсия, пособия өз убагында ай сайын төлөнүп келет.
Айыл өкмөтүндө 2 ФАП, 1 ГСВ (үй–бүлөлүк дарыгерлер тобу) элге кызмат кылат.
Бирок ГСВ имаратынын корпусунда врачтар үчүн кабинеттер жетишпейт. Ошондуктан элдер башка айылга барышат.
Айыл өкмөттүн аймагында:
· Дыйкан чарбалар – 1930 даана;
· Кооперативдер – 5;
· /рөөнчүлүк чарба – 2. (үрөөнчүлүк негизинен пахта жана буудай үрөөндөрүн даярдайт).
Дыйканчылыкта өндүрүлгөн продукциялар айыл өкмөт территориясында жайгашкан «Мөмө-жемиш» базарында сатылат.
Айыл өкмөттө кайра иштеп чыгуучу кичи ишкана жок.
Айыл өкмөттүн аймагында 6 орто мектеби, 1 башталгыч жана 4 балдар бакчасы иштөөдө.
Окуучулар санынын өсүү натыйжасында бүгүнкү күндө А.Навои, С. Шарипов атындагы орто мектептерде окуу канаалары жетишпейт.
· Окуучулардын саны – 4777;
· Мугалимдер – 363.
Ар бир мектепте китепкана жана спорт зал бар. Мындан тышкары 2 айылда китепкана, 3 спорт майданчасы, 1 стадион бар.
Балдар бакчаларда:
· Балдардын саны – 270;
· Тарбиячылардын саны – 50.
Айыл өкмөтү территориясында бардык банктар иштеп келет, бирок кредит берүүнүн пайызы жалпысынан 26 – 32% түзөт.
Айыл өкмөтүндө жер негизинен 0,7–0,9 га берилген. Ошондуктан жумушсуздук көп. Жаштардын 40-50% Россия Федерациясына иштеш үчүн кетет.
4. Тышкы чөйрөн/ анализдөө.
Араван районундагы С.Юсупова Айыл өкмөтү мамлектибиз тарабынан кабыл кылынган «2013-2017-жылдар үчүн мамлекетти өнүктүрүү Стратегиялык планы» нын алкагында айыл аймагынын статегиялык планы кабыл алынган.
Стратегиялык пландын негизги максаты айыл тургундарынын турмуш шартыны жакшыртуу, айылды көрктөндүрүү жана элге социал кызматтарынын сапатыны жогорулатуудан турат. Булар элди таза ичимдик суу менен камсыз кылуу, медицина кызматынын сапатыны көтөрүү үчүн ГСВ жана ФАПтардын материалдык-техникалык базасыны бекемдөө, ошондой эле мектептердин, бала бакчаларынын материалдык-техникалык базасыны бекемдөө аркалуу билим сапатыны жогорулатуу болуп эсептелинет. Элдин негизги киреше булагы болгон айыл чарбасыны өнүктүрүү, жер менен иштөөдө жаңы технологияларды айыл тургундарына жеткирип туруу, айылда кичи ишканалар ачууга көмөктөшүү аркылуу кошумча иш орундар түзүү, айыл аймагынын инфракструктурасын жакшылоо – жол, электр энергия, суу ресурустарын жана башкаларды куруу менен ремонттоодон турат.
Айыл өкмөтү кабыл кылган стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн мамалекетибиз тарабынан кабыл алынган Программалар, Мыйзамдар негизинде иш алып барууда.
Мисалы үчүн: «2011-жыл облусубузда инвестицияларды тартуу жана иш орундардын ачуу, иштеп чыгарылган айыл чарба продукцияларыны кайра иштетуучу жана сактоочу кичи ишканаларды ачуу жылы» деп жарыялаган.
Мына ушул максатта айыл өкмөтү аймагында да 20 дан ашык кичи ишканалар ачылды, булар мебелдерди даярдоо жана реставрация кылуу цехтери, гыш чыгаруу цехи, аялдар үчүн чеберкана, набайкана, ашканалар, кондитердик цехтер жана башкалар.Бул ишканаларда 500 дөн ашык ишчилер иштешүүдө.
2015-жыл Экономиканы көтөрүү жылында өкмөтүбүз элдин турмуш шартыны дагы да жакшылоо жана айыл чарба продукцияларыны сатууга шарт жаратуу максатында: «Мөмө-жемиш» базарынын базасында түнкү базарды ачууга жетишти. Бул жерде айыл тургундары өздөрү жетиштирген продукцияларын дүң баада сырттан келген кардарларга сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Мурда айыл тургундары өздөрүнүн айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн облус борбору Ош шаарына барчу.
С.Юсупова айыл өкмөтү тышкы инвестицияны алып келүүдө, чет элдик донорлор менен өз ара кызматташтык кылууда да тажырыйбасы жетиштүү.
Айыл өкмөтү өзүнүн стратегиялык планыны ишке ашырууда чет элдик инвестиция жана мамлекеттик ишканалар менен үзүрлүү кызматташтык кылып келүүдө.
Мисалы, өткөн 2010-2015-жылдарда айыл өкмөтү баары болуп, 23 457 000 сом грант алып келди.
Мындан тышкары Кыргыз Өкмөтүнүн финансы министирлигинин стим. Гранты негизинде Манас мектебинин спорт залы курулду. Бул курулушка 11 500 000 сом ажыратылган.
2014-2015-жылда айыл өкмүтүнүн бюджетинин эсебинен 4 балдар бакчасы ачылды. Азыр балдар бакчасында 225 бала тарбия алууда. Балдар бакчасында иштөө үчүн айыл өкмөтүндө жашап жаткан 60 адам иш менен камсыз болду. Булар Каржы министирлигинин бюджетинен айлык алышууда.
Айыл элинин өсүшү жана автотранспорттун көбөйүүсүнүн себебинен өкмөт аймагындагы Аравансайдагы 1 көпүрө тыгын болуп элге кыйынчылык жаратчу. Бул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт Аравансайга 2 көпүрө куруу зарылчылыгы бар экендиги туурасында Каржы министрлигине, Транспорт министирлигине жана депутаттарга кайрылуу жасады. Натыйжада копүрө сметасы даярдалып, мамлекет бюджетинин сметасына киритилүү алдында турат.
Элдин өсүшүнүн натыйжасында айыл аймагында курулган ГСВ нын имаратынын бөлмөлөрү жетиштүү болбой калды. Бөлмөлөрдүн кичине жана аздыгынан айрым медицина кызматтары бул жерде жок.
Айыл элинин өсүүсү жана жашоо аймагынын кеңейгендиги менен окуучулар үчүн Мектеп, окуу бөлмөлөрү жетишпей жатат. Мисалы С.Шарипов мектебинин окуучулары толук 2 сменде окушат, бул мектепке окуучулар Теплица участкасынан 3-5 км жол басышып келишет. Теплицада мектеп ачуу үчүн айылдык кеңештин депутаттарына жана Каржы министирлигине кайрылып, сметасы даярдалып тапшырылды.
С. Шарипов мектебине да кошумча окуу бөлмөлөрү керек. Бул мектептин китепканасынын имараты да авариялык абалда. Азыр китепкананын сметасы даярдалып, АРИС проектисине тапшырылды.
Навои жана Сайдахматов мектеби үчүн да кошумча окуу бөлмөлөрүнүн сметалары даярдалып,стим. грантка тапшырылды.
Айыл өкмөтү өз алдына койгон максатына жетүү үчүн тышкы мамилелерди дагы да бекемдеп баруу керек: чет элдик инвестициялар, мамтекеттик ишканалар, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар, жааматтар менен тыгыз байланышта болу зарыл.
5. С. Юсупова айыл өкмөт/н/н бюджетин анализдөө.
Бул документте С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2014-2018 жылдардын бюджетин анализдөөсү көргөзүлгөн.
Бюджетти анализдөө максаты-тенденцияларды аныктоо, бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүктөрүн түзүлүшүн аныктоо, каражаттарды көбөйтүү жана рационалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн табуу.
2014-2015-жылдардагы бюджеттин көрсөткүчтөрү киреше жана чыгашанын чындап даражасынан келип чыкты. 2016-2018-жылдарга коюлган сандар пландаштырылган мааниде.
А. Кирешелердин структурасы.
Бюджеттин киреше бөлүгү үч негизги топтон түзүлөт:
1.Салыктан түшкөн киреше (мисалы: киреше салыгы, патенттин негизиндеги салык, мүлккө төлөнүүчү салык, жерге төлөнүүчү салык жана ж.б);
2.Салыктык эмес киреше (мисалы, арендадан түшкөн киреше, администрациялык жыйымдар жана төлөмдөр, башкалар);
3.Трансферттер (республикалык бюджеттин эсебинен).
· Тенденциялар (2 жыл: 2014, 2015, жана бюджеттин 2016-жылга долбоору).
Бюджеттин киреше тенденциясы төмөндөгү принциптердин негизинде түзүлгөн: салыктык кирешелер көбөйүү эсебинде пландаштырылган. Салыктык эмес кирешелер туруктуу даражада жогорулашысыз жана төмөндөшүсүз пландаштырылат. Трансферттердин төмөндөө тенденциясы бар.
Көргөзмөлүү төмөндөгү диаграмма түрүндө көрсөтсө болот (өлчөө бирдиги-миң сом).
· Жергиликтүү бюджеттин жалпы кирешелердин ичинен өздүк кирешелердин үлүшү (республикадан келчү акча каражаттардан сырткары)
Жылдар боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше структурасы төмөндөгү диаграммада көрсөтүлгөн (өлчөө бирдиги-миң сом):
Диаграмманы анализдөөдө көрсөткөндөй, жылдан жылга салыктык кирешелер кирешенин жалпы структурасы өстү (2015-жылда 72% тен 2017-жылы 81% ке чейин). Трансферттердин көлөмү төмөндөшү ачык айкын көрүнүп турат. Салыктык эмес кирешелер өзүнүн салыштырма салмагын сактап турат (10-12%).
Бул анализ оң тенденцияларды тастыктайт, жыйымдардын жогорулашы жана салыктык кирешенин салыштырмалуу салмагы төмөндөгү фактылар жөнүндө айтат:
- салыктарды жыйноо жана администрлаштыруу процесстерин жакшыртуу;
- жергиликтүү булактардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин өсүшү;
- калктын экономикалык активдүүлүгүнүн жогорулашы;
- социалдык инфраструктурага кошумча чыгашаларды пландаштыруу мүмкүнчүлүктөрү.
· Жергиликтүү жыйындардын жана салыктардын өлчөмү (максималдык деңгээлдеби?)
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2014-2018-жылдардын бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн.
Жыл | 2014-факт | 2015-факт | 2016-план | 2017-план | 2018-план |
Киреше, миң сом | 24 093,2 | 27 176,1 | 27 867,1 | 29 245,4 | 30 555,9 |