Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралындагы №27-10
Ош облусунун Ош шаарынын Калинин конушунун №165-үйүнүн №43-батиринин тургуну Мухитдинова Мухабат Байназаровнанын арызын кароо жөнүндө
Ош облусунун Ош шаарынын Калинин конушунун №165-үйүнүн №43-батиринин тургуну Мухитдинова Мухабат Байназаровнанын С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы Хамза көчөсүнүн аталышын өзгөртүп, атасы Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу Мойдинов Маликтин атын ыйгарууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, сессиянын жүрүшүндө айылдык кеёештин депутаттарынын Хамза көчөсүнүн аталышын өзгөртүлүшүнө каршы пикирлерин жана Араван айылынын Хамза көчөсүнүн тургундарынын көчөнүн аталышын өзгөртүлүшүнө каршылык билдирип жазышкан арызын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы Хамза көчөсүнүн аталышы өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннапов |