Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралындагы №27-14
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин Араван айылындагы №1-үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына кошумча бөлмөлөр курууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратууга макулдук сурап жазган катын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаев айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы №1-үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына кошумча бөлмөлөр курууга долбоор даярдалып, долбоордун жалпы суммасы 4300000 (төрт миллион үч жүз миё) сомдү түзгөндүгүн, «Агахан» чет элдик фонду «Бирге» долбоору аркылуу аталган долбоордун 1500000 (бир миллион беш жүз миё) сомун каржылап жаткандыгын билдирген. Долбоордо айыл өкмөтүнүн элинин салымы болуп белгиленген 1500000 (бир миллион беш жүз миё) сом жана айыл өкмөтүнүн ички резервинен эсебинен белгиленген 1300000 (бир миллион үч жүз миң) сомду айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин эсебинен бөлүп берүүнү суранып жазган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы №1-үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына кошумча бөлмөлөр куруу боюнча даярдалган долбоордогу айыл өкмөтүнүн элдин салымы болгон 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатты, айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин эсебинен ажыратууга макулдук берилсин.
2. Араван айылындагы №1-үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына кошумча бөлмөлөр куруу боюнча даярдалган долбоорду турмушка ашырууда, долбоордун жалпы суммасы боюнча жарыяланган тендердин жыйынтыгы менен, кошумча каражат зарыл болгон учурда, белгиленген каражат айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин эсебинен каржыланышы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү бюджеттен бөлүнгөн каражатты даректүү жана максаттуу сарыпталашын көзөмөлгө алышсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |