Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралындагы №27-17
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров (Анжыян) көчөсүнүн тургуну Нурдинов Сайфидин Жамолдиновичтин Араван сай менен Араван айылындагы мурдагы “Араван Сай” ГЭТХ чарбасынын аралыгында жайгашкан 0,40 га жер аянтын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн өздөштүрүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров (Анжыян) көчөсүнүн тургуну Нурдинов Сайфидин Жамолдиновичтин Араван сай менен Араван айылындагы мурдагы “Араван Сай” ГЭТХ чарбасынын аралыгында жайгашкан 0,40 га жер аянтын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн өздөштүрүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.06.2008-жылдагы №306 сандуу токтомун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүн кесип өтүүчү Араван сай менен Араван айылындагы мурдагы “Араван Сай” ГЭТХ чарбасынын аралыгында жайгашкан 0,40 га жер аянты айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда Араван айылынын Б. Айдаров (Анжыян) көчөсүнүн тургуну Нурдинов Сайфидин Жамолдиновичке өзүнүн эсебинен өздөштүрүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди өздөштүрүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда, комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |