Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралындагы №27-19
Араван айылынын А. Юлдашев көчөсүнүн №38-үйүнүн тургуну Мамасаидов Муносибжон Тошалиевичти Араван айылын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик мийманкана багытындагы 1850 м2 жер тилкесинин 1600 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп, жеке менчик балдар бакчасы курууга макулдук сурап жазган арызы
Араван айылынын А. Юлдашев көчөсүнүн №38-үйүнүн Мамасаидов Муносибжон Тошалиевичтин Араван айылын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик мийманкана багытындагы 1850 м2 жер тилкесинин 1600 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп, жеке менчик балдар бакчасы курууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын А. Юлдашев көчөсүнүн №38-үйүнүн тургуну Мамасаидов Муносибжон Тошалиевичтин Араван айылын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик мийманкана багытындагы 1850 м2 жер тилкесинин 1600 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп, жеке менчик балдар бакчасы курууга макулдук берилсин.
2. Мамасаидов Муносибжон Тошалиевичтин Араван айылын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик мийманкана багытындагы 1850 м2 жер тилкесинин 1600 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп, жеке менчик балдар бакчасы куруу маселеси С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда уруксат берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеёештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |