Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралындагы №27-21
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров (мурдагы Анжыян) көчөсүнүн №32-үйүнүн тургуну Сатвалдиева Хазизахон Гуломовнанын арызы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров (мурдагы Анжыян) көчөсүнүн №32-үйүнүн тургуну Сатвалдиева Хазизахон Гуломовнанын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик түнеке кесүүчү кичи цех багытындагы 579,8 м2 жер аянтынын ичинен 60 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп стомотология пункту курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров (мурдагы Анжыян) көчөсүнүн №32-үйүнүн тургуну Сатвалдиева Хазизахон Гуломовнанын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик түнеке кесүүчү кичи цех багытындагы 579,8 м2 жер аянтынын ичинен 60 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп стомотология пункту курууга макулдук берилсин.
2. Сатвалдиева Хазизахон Гуломовнанын жеке менчик түнеке кесүүчү кичи цех багытындагы 579,8 м2 жер аянтынын ичинен 60 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп стомотология пункту куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеёештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |