Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 47/8
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушеванын айыл өкмөтүнө “Ардактуу атуул” наамына сунуштаган токтомун кароо жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушеванын сунушуна ылайык Арыков Абдылашим жергиликтүү Кеңешке 3 жолку чакырылышындагы депутат болуп шайланган. Айыл калкынын экономикалык жактанчыңдалышына көмөк көрсөткөн.Анын жетекчилиги астында Өрдөш айылындагы 600 метр канал “Ага-Хан” уюмунун жардамы менен курулуп,”Кичи-Каракол” балдар бакчасы ишке берилген. Жергиликтүү калкты кыш айларында арзан көмүр менен камсыз кылып жардамдашкан. Айыл арасындагы негизги проблемаларды чечүүдө ар дайым көмөктөшкөн.”Перити Коал” фирмасынын жардамы менен азыркы учурда да арзан көмүр менен камсыз кылып жатат.
Жогорудагылардын негизинде айылдык Кеңештин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушеванын сунуштаган токтому жактырылсын. Депутат А.Арыковго Үч-Төбө айыл округунун “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
Үч-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Э. Өмүрзаков
|