Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 47/9
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушеванын айыл өкмөтүнө “Ардактуу атуул” наамына сунуштаган токтомун кароо жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушеванын сунушуна ылайык Өмүрзаков Элчибек Жолуевич жергиликтүү Кеңешке 2 жолку чакырылышындагы депутат .Айылда жаштар арасында райондук ,областтык спорттук оюндарга барууга көмөктөшөт. Оюндарда байгелүү орундарга жетишишет.
Мектепте окуткан окуучулары зоналдык,райондук жана областтык олимпиадаларда алдыңкы орундарды камсыз кылып келишет. Ошонун аркасында райондук,областтык , Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Ардак грамоталары” менен сыйланган.
Спорттук ордо боюнча мугалимдер арасында Республикадан биринчи орунду ээлеп,алтын медалга ээ болгон.
2015-жылдын март айынан баштап айылдык Кеңешке төрага болуп шайланган.Айыл ичинде таза суу боюнча,Чоң-Каракол айылындагы бала бакчага кошумча тайпа ачуу,айылдык Кеңештин печать,штампын жасатты.
Жогорудагылардын негизинде айылдык Кеңештин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушеванын сунуштаган токтому жактырылсын. Депутат Э.Өмүрзаковго Үч-Төбө айыл округунун “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
Үч-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Э. Өмүрзаков
|