Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3/1
2009-жылдын 20-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык-экономикалык божомолу жөнүндө” № 61 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде 2015-жылдын башында бекитилген Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2016-жылга аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
2016-жылдын башында бекитилген Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2016-жылга аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу пландары боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси ,экономист-статист Т.Термечиковдун билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2016-жылга аткарылышы канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын планы кабыл алынсын.
3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнун орто аралыктагы 2018-2019-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясынын аткарылышы жөнүндө ,пландагы көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча ,зарыл болгон уюштуруучулук жана массалык иштерди туруктуу жүргүзүү жагы , Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысына ,менчигинин түрүнө карабастан айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Токтомамат уулу Нурмухамедге тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Э. Өмүрзаков
|