Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3/4/1
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнундө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Алай районун Үч-Төбө айылдык Кенеши жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучу бирикмесине жана анын аткаруу органы, Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлугүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жузүндө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражатары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлуп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана аны аткаруу органы – Жайыт Комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө,жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайытарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүу расмий өкүлчүлуктөрунө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүу отчетторду , малыматтарды берип туруусуна милдетүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтулүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш- чарлар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жургузүүлүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Үч-Төбө айыл өкмөтунүн башчысы Токтомамат уулу Нурмухамедге жуктөлсун.
Үч-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Р. Куламшаев
|