Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 7
Ак-Жар айылдык кенешинин регламенти жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кенеши айылдык кенештин сессияларын тартип менен регламентин негизинде мыйзамдуу өткөрүү жагын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айылдык кенешинин VI чакырылышынын иштелип чыккан айылдык кенешинин регламенти бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү айылдык кеңештин «мыйзамдуулук,Адам укугу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|
Ак-Жар айылдык кенешинин 2017-жылдын 13-феврал
______ ____ № 7 токтому менен бекитилген.
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык кенеш (мындан ары - Кенеш) жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкулчулуктуу органы болуп саналат.
Ак-Жар айылдык кенешинин туруктуу жайгашкан жери - Ак-Жар айылы болуп саналат жана курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттан турат. Зарыл учурларда төраганын чечими жана туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча Кенештин сессиялары (жыйналыштары) башка жерде өткөрулсө болот.
Кенеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарын, жергиликтуу жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Кенештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкулөр саналат:
- жергиликтуу маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
- жергиликтуу бюджетти жана аны аткаруу жөнундө отчетту бекитуу, ошондой эле бюджетти аткаруунун журушу жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнундө маалыматты угуу;
- айыл өкмөттун бюджеттинин аткарылышы жөнундө отчетко канааттандырарлык эмес деген баа берилген учурда, айылдык Кенеш айыл өкмөттун, анын айрым мучөлөрунун жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнундө маселени карайт
- аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнуктуруу жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитуу жана аткарылышына контролдук кылуу;
- жергиликтуу салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
- жергиликтуу жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештируу программаларын бекитуу жолу менен пайдалануунун жана тескөөнун тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
- жергиликтуу өз алдынча башкаруунун тийиштуу аткаруучу-тескөөчу органынын иши жөнундө отчетту угуу;
- мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтунөн мурда токтотуу;
- депутаттардын жалпы санынын көпчулук добушу менен айыл өкмөтунун башчысына ишеним көрсөтпөө;
- жергиликтуу жамааттын уставын бекитуу;
- кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу, кенештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама-каршы келуучу чечимдерин жокко чыгаруу;
- кенештин регламентин кабыл алуу;
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- өкмөт тарабынан аныкталуучу типтуу ченемдердин негизинде жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тузумун жана штаттык сан-эсебин бекитуу;
- муздак сууну, канализацияны пайдалануу учун, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып кетуу жана жок кылуу учун тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бекитуу;
- алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым- жырымдарды өткөруугө тыюу салганга чейин чейинки чектөөлөрду аныктоо;
- ирригациялык тармактарды, уйдөгу жана уй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо;
- жергиликтуу жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка маселелерди да чечуу.
1.3. Кенеш, өз ыйгарым укуктарын жузөөгө ашырууга киришуу менен бир айлык мөөнөттө Кенештин төрагасы, төраганын орун басары жана тузуму жөнундө чечим кабыл алат.
2. Айылдык кенештин ишин уюштуруу
2.1. Кенештин иши келечектуу (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде тузулөт.
Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча Кенештин аппараты же тийиштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчу органы тузөт жана Кенештин төрагасы Кенештин бекитуусунө сунуш кылат.
2.2. Кенештин сессиялары кварталына (жылына) кеминде 1 жолу Кенеш белгилеген кундө жана саатта өткөрулөт.
2.3. Кенеш кун тартибиндеги маселелердин мазмунуна ж.б. жагдайларга карата кечме сессияларды өткөрө алат.
2.4. Кенешти чакыруу убактысы, сессияны өткөруу орду жана карап чыгууга киргизилуучу маселелер жөнундө Кенештин төрагасы же катчысы сессияга чейин 2 кундөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.
Чечимдердин долбоорлору жана талкууланып жаткан маселелерге башка материалдар сессияга чейин 1 кунден кечиктирбестен депутаттарга жекече берилет.
2.5. Кенештин кезексиз сессиялары Кенештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде учтен бир бөлугунун сунушу боюнча чакырылат. Кезексиз сессия, аны чакыруу жөнундө сунуш алынган учурдан тартып 7 кунден кечиктирбестен өткөрулуугө тийиш.
Кезексиз сессияны чакыруу жөнундө сунуш кун тартибине киргизууге сунуш кылынган маселелерди көрсөтуу жана кезексиз сессиянын зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жузунде Кенештин төрагасына жөнөтулөт.
2.6. Кенештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо учун жоопкерчилик жуктөлгөн адамдар даярдайт.
Кенештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизуунун демилгечилери даярдайт.
2.7. Кенештин чечими боюнча же Кенештин төрагасынын буйругу боюнча Кенештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо учун депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкулдөрунун ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) тузулушу мумкун.
2.6.Кезектеги сессиянын кун тартибине киргизуу сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, суроо- талаптар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 5 кундөн кечиктирбестен Кенештин катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жузундө берилуугө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат.
2.8. Кенештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорлору төмөнкудөй болууга тийиш:
- аткаруучуларды, аткаруу мөөнөтун, финансылоо булагын, ошондой эле чечимдер кучуне кире турган убакытты көрсөтуугө;
- таламдаш уюмдар, өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тиешелуу бөлумдөру менен, ал эми зарылчылык болгон учурда - тиешелуу мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга. Эгерде тиешелуу макулдашуулар чечимдин долбоору сунуш кылынгандан кийин эки жуманын ичинде берилбесе, Кенеш маселени аларсыз кароого укуктуу;
- бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салуу же өзгөртуу боюнча сунуштарды камтууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнундө юридикалык корутундусу болууга.
2.9. Белгиленген маселе боюнча талкуулоо учун чакырылгандардын тизмесин сунушу маселени Кенештин жыйналышына коюуга негиз болгон адам даярдайт. Кенештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулоонун убактысы жана орду жөнундө кенештин (же жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчу органынын) аппаратынын кызматкерлери тарабынан кун мурунтан кабарландырылат.
3. Кенештин сессиялары, депутаттык угуулар (“депутаттык саат”, “депутаттык кун”)
3.1. Кенештин сессиялары (жыйналышы) Кенештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдуу болот. Айылдык кенеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын кепчулук добушу менен чечим кабыл алууга укуктуу.
Кенештин депутаттары Кенештин сессияларына катышууга милдеттуу. Сессияларга катышууну эсепке алууну Кенештин катчысы (мындан ары - катчы) уюштурат. Депутат кезектеги сессиянын башталган убактысынан жарым саат (30 минут) кечигип келсе, келбеди деп эсептелинет (жуйөөлуу себептер менен кармалып жаткандыгын төрагага же катчыга билдирбеген учурда).
Жыйналышка келуу мумкунчулугу болбогон учурда Кенештин депутаты бул жөнундө Кенештин катчысына кун мурунтан себеби жөнундө билдируугө тийиш.
3.2. Катары менен төрт жолудан ашык айылдык кенештин сессияларына жуйөөлуу себепсиз (жуйөөлуу себептер болуп: оору, өргуу, иш сапар, жакын тууганы каза болсо же кырсыкка учураган саналат) дайыма катышпагандыгы учун, ошондой эле айылдык кенештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы учун айылдык кенештин депутаттары алардын жалпы санынын копчулук добушу менен Ак-Жар айылдык кенешинин депутатын чакыртып алуу жөнундө маселени козгоого укуктуу. Депутатты чакыртып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3.3. Кенештин сессиялары коомчулук учун ачык болуп саналат.
3.4. Кенештин чечими боюнча жабык жыйналыштар өткөрулушу мумкун.
3.5. Кенештин сессияларын - Кенештин төрагасы, ал эми ал жокто Кенештин төрагасынын орун басары алып барат.
3.6. Кенештин сессиясында добуш беруу кол көтөруу менен жургузулөт, Кенеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш беруу башкача ыкма менен жургузулушу мумкун.
Добуш беруунун натыйжалары (Кецештин депутаттарынын фамилияларын, «жактап», «каршы» добуш бергендерди, «калыс» калгандарды көрсөтуу менен) протокол го, киргизилет.
Добуш беруу аяктагандан кийин жасалган эрк билдируугө эч кандай тузөтуулөр кабыл алынбайт. Добуш беруу учурунда жок болгон депутат өзунун добушун кийин берууге укуксуз.
3.7. Кенеш ар бир сессияда Кенештин сессияга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчулук добушу менен кун тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
3.8.Өзгөчө гана учурларда кун тартибине Кенештин чечими боюнча Кенештин сессиясында туздөн-туз коюлуучу маселелер киргизилиши мумкун.
Сессиянын кун тартибине кошумча маселелерди киргизуу жөнундө чечим ар бир сунуш боюнча добуш беруу менен Кенештин жыйналышка катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчулук добушу менен кабыл алынат.
3.9. Кенеш сессиянын кун тартибин бекиткенден кийин талкуулоо кун тартибинде белгиленген тартип боюнча журөт. Кун тартибинин маселелерин талкуулоо тартибинде езгертуулер Кенештин чечими боюнча жургузулөт.
3.10. Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер Кецештин кийинки сессиясында каалууга тийиш.
3.11. Сессиянын жыйналыштарында докладдар учун убакыт, эреже катары 10 мунөткө чейин, тец докладдар учун 5 мунөткө чейин берилет.
Жарыш сөзгө чыккандарга - 5 мунөткө чейин, талапкерлер, алып баруу тартиби, добуш беруу жуйөөлөру боюнча сөз суйлөө учун, арыздар, маселелер, сунуштар, билдируулөр учун 3 мунөткө чейин.
Депутаттардын көпчулугунун макулдугу менен сессияда төрагалык кылуучу доклад же сөз суйлөө учун убакытты узарта алат.
3.12.Депутат сессиянын бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес, ал эми жыйналышка катышып олтурган депутаттардын кепчулугунун макулдугу менен андан ашык сөз суйлөй алат.
3.13..Эгерде сөз суйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса, төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.
Эгерде суйлөп жаткан адам сөз суйлөө учун ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз суйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз суйлөөдөн ажыратат.
3.14. Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча Кенештин сессияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мумкун.
3.15. Сессиянын жыйналышынын протоколу Кенештин катышып олтурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтуу менен жок депутаттарынын фамилияларын, угуулардын предметинин манызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.
Протоколду жургузуп жаткан Кенештин катчысы Кенештин сессиясынын жыйналыштары жөнундө кыскача жана манызы боюнча жазуу жазат.
Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин эки кундун ичинде Кенештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе, протоколго сессияда төрагалык кылган адам кол коет.
3.16. Кенештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнундө жергиликтуу кенештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдируулөрду берет.
3.17. Кенештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде учтөн бир бөлугунун сунушу боюнча өздерунун караштуулугундагы маселелер боюнча депутаттык угууларды (“депутаттык саат”, “депутаттык кун”) демилгелешет жана өткөрушөт.
Депутаттык угууларда (“депутаттык саат”, “депутаттык кун”) кенештин карамагына кирген маселелер боюнча жана Ак-Жар айылдык кенешинин кабыл алган чечимдеринин аткарылышы, башка маселелер талкууланат.
Депутаттык угууларга чакырылган адамдар Кенештин жыйналышына келуугө милдеттуу. Депутаттык угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан депутаттардын добушунун көпчулугу менен талкууланган маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат.
Депутаттык угуулар кыскача жана манызы боюнча стенограммаланат жана ага төрага кол коет.
3.18. Айылдык Кенештин сессиясы төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде (зарылдык болсо расмий тилде) алып барылат.
Депутат, ошондой эле чакырылган адамдар айылдык Кенештин сессиясында, депутаттык угууларда расмий тилде суйлөөгө укуктуу.
Чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген өкулдөру, чет өлкөлук жарандар чет тилде суйлөөгө укуктуу, алар мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен камсыз кылынат.
3.19. Сессияга алкоголдук ичимдиктерди ичип келип, катышууга тыюу салынат.
4. Кенештии чечимдери
4.1.Сессияда каралган маселелер боюнча Кенеш чечим кабыл алат. Кенештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш беруу менен кабыл алынат.
4.1. Кенештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин Кенештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй кепчулук добушу менен кабыл алынат.
4.2.Кенештин төрагасын, Кенештин төрагасынын орун басарын, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, Кенештин органдарын тузуу жөнундө, Кенештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча, Кенештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртуу жөнундө чечимдер Кенештин шайланган депутаттарынын санынын көпчулук добушу менен кабыл алынат.
Мыйзамга ылайык жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлумунун жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнундө Кенештин чечими Кенештин депутаттарынын жалпы санын учтөн эки добушу менен кабыл алынат.
Кенештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом турунде чыгарылат жана ага Кенештин төрагасы кол коет.
4.2. Кенештин чечимине макул болбогон депутат өзунун өзгөчө пикирин жазуу жузундө же оозеки баяндоого укуктуу, ал Кенештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
4.3. Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал негиз катары алынат.
Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер боюнча каралышы мумкун.
4.4. Чечимдин долбооруна тузөтуу киргизууну каалаган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жузундө берет. Тузөтуу талкууга коюлат жана эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе, кабыл алынат.
4.5. Бардык тузөтуулөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бутундөй кабыл алынат.
4.6. Кенештин чечимдерин чыгаруу учун жоопкерчилик Кенештин катчысына жуктөлөт.
4 9. Кенештин чечимдерин кол коюлгандан кийин 2 кундук мөөнөттө айыл өкмөтунун аппараты таратат.
4.10. Кенештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелуу аймакта жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдеттуу.
4.11. Кенештин чечимдери сот тартибинде же Кенештин башка чечими менен гана алып салынышы мумкун.
5. Ак-Жар айылдык кенешинин терагасы
5.1. Айылдык Кенештин төрагасы Кенешке жетекчилик кылган жергиликтуу өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы болуп саналат.
Мурдагы чакырылыштагы Кенештин төрагасы өз милдеттерин жаны чакырылган Кенештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.
5.2. Кенештин төрагасы өз кызматынан Кенештин демилгеси боюнча Кенештин сессиясында жашыруун добуш беруу жолу менен, эгерде Кенештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде учтөн экиси муну жактап добуш берсе, бошотулушу мумкун.
Кенештин төрагасына ишеним көрсөтпөө жөнундө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлугунун талабы боюнча жакынкы сессиянын кун тартибине киргизилет.
Бул маселени жыйналышта кароо учурунда Кенештин төрагасына суйлөө учун сөз берилет.
Кенештин төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу жөнунде чечим Кенеш тарабынан жашыруун добуш беруу жолу менен, эгерде Кенештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде учтөн экиси муну жактап добуш берсе, кабыл алынат.
5.3. Кенештин терагасы:
Кенештин сессияларын чакырат;
сессияларда, депутаттык угууларда ж.б. төрагалык кылат; жыйналыштарды жана кароого киргизилуучу маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;
Кенештин иш пландарын тузууну камсыз кылат;
- Кенештин Регламента сакталышына көз салат;
- Кенештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол коет;
- депутаттар өз ыйгарым укуктарын жузөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат;
- сессия учурунда чыгып суйлөгөндөр тарабынан этика ченемдери бузулган учурда, жыйналышта суйлөгөн сөзду чечмелебестен ага сын-пикир айтууга укуктуу;
- электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш беруудө төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет;
- Кенеште, анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө учун депутаттарды кызматтык же өндуруштук милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт;
- Кенештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт;
- мамлекеттик, коомдук уюмдар менен мамилелерде Кенештин атынан иш алып барат;
- Кенештин тышкы байланыштарын уюштурат;
- Кенештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо учун талапкерди сунуш кылат;
- Кенештин чечимдерин аткаруу максатында, анын ичинде Кенештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат;
- Кенештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт;
- жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат;
- мыйзамдарда каралган учурларда сотко же арбитраждык сотко жөнөтулуп жаткан тиешелуу документтерге Кенештин атынын кол коет;
- Кенештин чечимдерин Ак-Жар айыл аймагында турган бардык органдар, бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана контролдойт;
- ага Кенеш тапшырышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жуктөлушу мумкун болгон башка маселелерди чечет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнундө расмий өтунуч жасайт.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнундө расмий өтунуч
жасайт;
- Кенештин атынан айылдык кенештин депутаттарына, айылдык кенештин атуулдарына мамлекеттик органдарга Ардак грамота, теш белги ж.б. ыйгаруу жөнундө расмий өтунуч жасайт.
5.4. Кенештин төрагасынын буйруктары Кенеш тарабынан алып салынышы мумкун.
5.5. Кенештин төрагасы өзунун ыйгарым укуктарын уч айдан ашык убакыт бою жузөгу ашыра албаган учурда Кенеш Кенештин жаны төрагасын шайлоо жөнундө маселени кароого тийиш.
5.6. Кенештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтунөн мурда токтотуу жөнундө билдируугө укуктуу. Мындай учурда чечим Кенештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчулук добушу менен ачык добуш беруу аркылуу кабыл алынат.
Төрага езунун ыйгарым укуктарын ыктыярдуу турдө токтотушу анын жазуу жузундөгу арызынын негизинде канааттандырылат. Кенеш отставканы кабыл албаган учурда Кенештин төрагасы езунун ыйгарым укуктарын арыз берген кундөн тартып эки ай өткөндөн кийин токтотууга укуктуу.
5.7. Кенештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтунөн мурда бошотулган учурда Кенештин жаны төрагасын шайлоо жөнундө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кенештин төрагасынын орун басары аткарат.
6. Кенештин төрагасынын орун басары
6.1. Кенештин төрагасынын орун басары Кенештин төрагасынын сунушу боюнча депутаттардын ичинен сессияда жашыруун добуш беруу менен Кенештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтунө шайланат. Ар бир депутат Кенештин төрагасынын орун басарынын кызматына алдын ала көрсөтуу (өзун-өзу көрсөтуу) укугуна ээ.
6.2. Кенештин төрагасынын орун басарын шайлоо жергиликтуу Кенештин төрагасын шайлоого окшош жургузулөт.
6.3. Кенештин төрагасынын орун басары Кенешке отчет берет жана Кенештин сессиясында жашыруун добуш беруу жолу менен кызматтан бошотулушу мумкун.
Кенештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөө жөнундө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлугунун талабы боюнча жакынкы жыйналыштын кун тартибине киргизилет.
Сессияда бул маселени карап чыгуу учурунда Кенештин төрагасынын орун басарына суйлөө учун сөз берилет.
Кенештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнунде чечим, эгерде шайланган депутаттардын жалпы санынын жарымынан ашыгы муну жактап добуш берсе, Кецнеш тарабынан жашыруун добуш беруу менен кабыл алынат.
6.4. Кенештин төрагасынын орун басары:
- Кенештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын жузөгө ашырат;
- ага Кенештин төрагасы берген же ага Кенеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;
- Кенештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.
Кенештин төрагасынын орун басары өз функцияларын коомдук башталыштарда жузөгө ашырат.
6.5. Кенештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жузундөгу арызынын негизинде канааттандырылат.
Кенеш отставканы кабыл албаган учурда Кенештин төрагасынын орун басары арыз берген кунден тартып эки ай өткөндөн кийин өзунун ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
6.6. Кенештин жаны төрагасы шайланган учурда Кенештин төрагасынын орун басары ыктыярдуу турдө отставкага кетуу жөнундө арыз берет, ал Кенештин төрагасы тарабынан каралат.
7. Кенештин жооптуу катчысы
7.1. Кенештин жооптуу катчысы Кенештин ишин уюштуруу- протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.
Кенештин катчылыгы боюнча мыйзам менен белгиленген функцияларын айыл өкмөтунун аппаратынын жооптуу катчысы аткарат.
7.2. Кенештин катчысы:
- Кенештин сессияларынын протоколун жургузөт жана жеке жоопкер катары өз мөөнөтундө мамлекеттик реестрден каттоодон өткөруу боюнча иш алып барат;
- Кенешке келип тушкен документтердин эсебин алууну уюштурат;
- Кенештин сессиясына материалдарды даярдайт, аларды депутаттарга өткөруп берет;
- сессияга катышуу учун депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкулдөрун, адистерди чакырат;
- депутаттардын Кенештин сессияларына келишинин эсебин алат;
- Кенештин сессиясынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат;
- башка функцияларды аткарат.
8. Кенештин туруктуу комиссиялары
8.1. Кенештин карамагына тиешелуу маселелерди алдын-ала карап чыгуу жана даярдоо учун Кенеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды тузөт. Комиссияны тузуу жөнундө чечим Кенештин сессиясында кабыл алынат.
8.2. Туруктуу комиссиялар Кенештин негизги тузумдук органдары болуп саналат, алар өздөрун шайлаган Кенештин алдында жооптуу жана ага отчет берет, Кенештин жана Кенештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелуу Кенешке келип тушкен сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат.
Туруктуу комиссиялар комиссияга келип тушкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө жооп беруугө милдеттуу.
8.3. Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнундө жобо менен аныкталат, ал Кенештин сессиясында бекитилет.
8.4. Комиссия депутаттын арызынын негизинде депутаттардын ичинен тузулөт. Депутат Кенештин бир гана (өзгөчө учурларда гана эки) туруктуу комиссиясынын мучөсу боло алат.
Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кенештин сессиясында жузөгө ашырылат. Кенештин чечими боюнча добуш беруу тизме менен же ар биринин атын атоо менен жургузулушу мумкун. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнундө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчулук добушу менен кабыл алынат.
8.5. Депутат катары менен жуйөөлуу себеби болбостон туруктуу комиссиянын пландуу жыйналыштарын 3 жана андан ашык жолу өткөруп жибергендиги учун комиссиянын сунушу боюнча Кенештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мумкун. Жуйөөлуу себептер болуп: оору, өргуу, иш сапар саналат.
8.6. Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтун мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жузундөгу жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелет. Мындай учурларда Кенештин чечими талап кылынбайт.
8.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мучөлөрунун көпчулук добушу менен туруктуу комиссиянын мучөлөрунун ичинен шайланат жана Кенештин сессиясында шайланган депутаттардын санынын көпчулугу тарабынан ачык добуш беруу менен бекитилет.
Кенештин төрагасы жана Кенештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын төрагалары боло албайт.
8.8. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын ишин уюштурат;
- комиссиянын мучөлөрунун ортосунда ишти бөлуштурөт, аларга тапшырмаларды берет;
- комиссиянын иш планын, жыйналыштардын кун тартибинин долбоорун тузөт;
- комиссия Кенешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;
- комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;
- комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
- комиссиянын иши женунде Кенешке жана Кенештин төрагасына маалымдайт;
- төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мучөлөрунун ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт;
- комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнундө, комиссияга келип тушкөн каттарга жооптор жөнундө комиссия мучөлөрунө маалымдайт;
- башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат.
8.9. Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мучөлөрунун ичинен шайланат.
8.10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:
- туруктуу комиссия белгилеген милдеттерди белуштурууге ылайык функцияларды аткарат;
- төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;
- төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.
8.11. Айыл өкмөтунун аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болуп саналат.
Катчы туруктуу комиссиянын мучөсу болуп саналбайт.
8.12. Туруктуу комиссиянын катчысы:
- туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жургузөт;
- комиссияга келип тушкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
- комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип тушкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;
- комиссиянын жыйналыштарына катышуу учун депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкулдөрун, адистерди чакырат.
8.13. Туруктуу комиссиянын мучөсу комиссиянын ишине катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттуу.
8.14. Сунуштары комиссиянын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мучөсу ушул маселени Кенештин сессиясында талкуулоо учурунда өзгөчө пикир турунде аларды жазуу жузундө же оозеки формада киргизе алат.
8.15. Комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мучөсуне зарыл материалдар берилет.
8.16. Туруктуу комиссиянын мучесу комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелуу маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын, ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга билдире алат.
8.17.Мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мучөлөру комиссиялардын жыйналыштарынын мезгилине өндуруштук же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтуу бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.
8.18. Туруктуу комиссия комиссиянын жыйыналышында бекитилген пландарга ылайык иштейт.
8.19. Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарга зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу чогулат.
8.20. Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия мучөлурунун жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса, ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
8.21. Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мучөлөрунун көпчулук добушу менен кабыл алынат.
Эгерде комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнундө чечимдерге комиссия мучөлөрунун жарымынан ашыгы жактап добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.
8.22. Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кенеш беруу добуш укугу бар депутаттар катыша алат.
8.23.Эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса, комиссиянын жыйналыштары ачык етет. Депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.
8.24. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкулдөру, адистер чакырылышы мумкун, алар жыйналыштарга кенеш беруу добуш укугу менен катыша алат.
8.25. Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.
8.26. Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо учун адистерди тарта алат. Иштөө учун тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кенеш беруу добуш укугу менен катыша алат.
8.27. Туруктуу комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы кол коет.
8.28. Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мучөлөрунун тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат.
8.29. Туруктуу комиссиялар Кенештин сессияларында төмөнкучө жоюлат:
- туруктуу комиссиянын өзунун же Кенештин төрагасынын сунушу боюнча;
- эгерде комиссиянын жыйналыштары уч ай бою (анын ичинде кворум жоктугунан улам) өткөрулбөгөн учурда;
- комиссияда учтөн аз мучө калган учурда.
9. Убактылуу (атайын) комиссиялар
9.1. Кенеш атайын милдеттерди аткаруу учун убактылуу (атайын) комиссияларды тузө алат.
9.2. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөму жана мөөнөту аларды тузуу учурунда аныкталат.
9.3. Убактылуу комиссиялардын иши аларга жуктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
9.4. Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардыкына окшош.
10. Регламентти бекитуу? Ага өзгөртуулөрду жана толуктоолорду киргизуу
тартиби
10.1. Кенештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтуу регламентинин негизинде иштелип чыгат жана Кенештин сессиясынын бекитуусуне киргизилет.
10.2. Регламент маселелери боюнча топ Кенеш шайлай турган кеминде 5 депутаттан турат. Ага Кенештин төрагасынын орун басары башчылык кылат.
10.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртуулөрду жана толуктоолорду киргизуу жөнундө сунуштарды бере алат. Сунуштарды карап чыгуу учун Регламент маселелери боюнча жумушчу топко жөнөтулөт.
10.4. Регламент маселелери боюнча топ тузөтуулөрду кабыл алат же четке кагат.
Кабыл алынган тузөтуулөрду бекитуу учун Кенешке киргизилет. Четке кагылган тузөтуунун автору аны Кенеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.
10.5. Регламент жана Регламентке тузөтуулөр Кенештин шайланган депутаттарынын ичинен көпчулугу тарабынан кабыл алынат.