Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 10
Ак-Жар айыл өкмөтүнө жеке ветеринарды тандоо жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кенеши айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Турдуманбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүндө ветеринардык жактан жогорку же атайын орто билими бар адистер жок болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүндө бир канча жылдан бери ветеринардык жана мал-чарба багытында иштеп келе жаткан Турдуманбетов Акылбек Шекирович жана Алымканов Нурмамат Апытаевич жолдоштор айыл өкмөтүндө жеке ветеринар кызматын аткаруучу катары бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүндө мал-чарба багытындагы ветеринардык кызматтарды өз денгээлине аткарууга жетишүү үчүн керектүү вет.техника жана вет.жабдуулар менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Турдуманбетовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлү айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясына (А.Султанов) жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|