Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 11
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча каражат кароо жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кенеши айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча каражат кароо боюнча айылдык Кеңештин «Бюджет, финансы экономикалык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын киргизген сунуштарын жана ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча кирешенин эсебинен атайын каражаттан аппарат бөлүмүнө 40,0мин сом 22154900 статьясына чыгымдоо үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү айылдык кеңештин «Бюджет финансы экономикалык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|