Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 12
КРнын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айылдык кенеши,Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген.Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе,анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каржаты максатсыз жана натыйжасыз пайданалынса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз бирикмесине жана анын аткаруу органы –Жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө,жайыт пайдалануучуларга,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына,жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик оранына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду,маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо,макулдашууда,бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Крнын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Ак-Жар айыл өкөмтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлөт.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|