Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 2
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 16 049,1 миң сом жана чыгаша бөлүгү миң сом 16 049,1 сом менен бекитилсин.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү:
- теңдөөчү гранттар 10718,6 миң сом
- жергиликтүү киреше5330,5 миң сом
Бардыгы 16 049,1 миң сом
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү :
-аппараттын чыгымдары 8646,6 миң сом
-аймактагы орто мектептерге 2050,2 миң сом
- балдар бакчаларына 2205,1 миң сом
- айылдык клубдарга 1889,8 миң сом
- айылдык китепканаларга 498,4 миң сом
- аппараттын атайын каражатына 40,0 миң сом
- балдар бакчасынын атайын каражатына719,0 миң сом
Бардыгы - 16 049,1 мин сом
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов
|