Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2016-жылдагы жергиликтүү бюджеттен 7 828 086 сом, казналык эсепте иштетилбей калгандыгы жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджетинен казналык эсепте иштетилбей калган 7 828 086 сом, акча каражаттары төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн.
- Кара-Кабак айылына таза сууга - 50 537 сом
- Мекеме ишканаларга көмүр - 1 860 000 сом
- Ачык-суу айылына таза сууга - 1 150 000 сом
- Ачык-Суу мектептин айланасындагы
ток чордонун жылдыруу - 140 000 сом
- Ж.Бөкөнбаев орто мектебине
ашкана салуу үчүн - 200 000 сом
- Ачык-Суу а. сугат суусуна труба - 600 000 сом
- Жайылма спорт залга өздүк салым - 600 000 сом
- Жайылма таза суунун ремонту - 100 000 сом
- Өзгөчө кырдаалдарга - 400 000 сом
- Айыл өкмөтүнүн кеңсесине от
жагардын эмгек акысы - 80 000 сом
- Айыл өкмөтүнө тазалоочусунун
эмгек акысы - 60 000 сом
- Кабык спорт залына көмүр - 40 000 сом
- Врачтарга колдоо көрсөтүү - 30 000 сом
- Тракторго тетик алууга - 129 049 сом
- Ачык-Суу Жеткинчек бала бакча - 200 000 сом
- Кара-Кабак клубуна муз. Аппарат - 76 000 сом
- «Чоң-Алай жаңырыгы »
гезитине колдоо көрсөтүү - 17 500 сом
-Чоң-Алай сайтына - 5 000 сом
- Жардамдарга - 120 000 сом
- Интернет - 220 000 сом
- Арис өздүк салым - 1 750 000 сом
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов
|