Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-февралы № 4
Жардам көрсөтүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы Ы.Ж.Эрмаматовко Кашка-Суу айылдык аймагынын тургундары ден-соолугуна байланыштуу дарыланууга акча каражатынан жардам сурап жазган арыздары боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын тургундары ден соолугуна байланыштуу дарыланууга акча каражатынан жардам сурап кайрылган төмөндөгү жарандарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 120 миң (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты болүнүп берилсин:
- Жунус уулу Тилек 4,0 миң сом
- Ботобекова Түрсүнай 11,0 миң сом
- Исманов Жармамат 15,0миң сом
- Очубеков Аким 15,0 миң сом
- Бутаев Алым 10,0 миң сом
- Калмуратов Рахматилла 10,0 миң сом
- Сатыбалдыева Бактыгүл 15,0 миң сом
- Мамаражап кызы Насипа 10,0миң сом
- Кыргызбеков Жума 10,0 миң сом
- Жолдошбаев Раимбек 10,0 миң сом
- Абдибалиев Бакыт 10,0 миң сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык коргоо, мадания, билим берүү, экология, спорт, туризим жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов
|