Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 6
Кашка-Суу айылдык аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.ГайыповдунКашка-Суу айыл аймагынын жайыт комитетине колдоо көрсөтүү максатында АРИС ПРЖР-2 долбоору тарабынан берилүүчү акча каражатына жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагынын жайыт комитетине колдоо көрсөтүү максатында АРИС ПРЖР-2 долбоору тарабынан берилүүчү акча каражатына жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 1750,0 (бир милион жети жүз элүү ) миң сом акча каражаты болүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмолгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов
|