Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 7
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337- статясынын негизинде аймактагы юридикалык жактардын (улуш) жер аянттарын базалык ставкасынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337- статясынын негизинде аймактагы юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын аймактын татаал климаттык шартына ылайык жана топурактын асылдуулугун эске алуу менен 1 га жер аянтына төмөндөгүдөй базалык ставкалардын өлчөмү бекитилсин:
Кашка-Суу айылы боюнча -73,0 сом
Ачык-Суу айылы боюнча - 80,50 сом
Кабык айылы боюнча - 56,0 сом
Кара-Кабак айылы боюнча -77,30 сом
Жайылма айылы боюнча - 73,0 сом
Бурган-Суу айылы боюнча - 73, 0 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов
|