Редакцияот 29.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Катраң айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2016-жылдын 29-февралы № 26/6

 

Козу-Баглан орто мектебинин мугалими Абдраимов Момун Асановичти Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими”наамына сунуштоо жөнүндө

  Козу-Баглан орто мектебинин эмгек жамаатынын 2016-жылдын 5-апрелиндеги №_____чогулушунун токтомун карап жана талкуулап  Катран айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Козу-Баглан орто мектебинин дене тарбия мугалими Абдраимов Момун Асанович көп жылдык педагогикалык үзүрлүү эмгеги, жаш муундардын билимин жогорулатуудагы жана тарбиялоодогу зор жетишкен  ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими”наамына сунушталсын.

2. Калктуу конуштун категориясына которуу жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомду бекитип берүү жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Катраң айылдык

Кеӊешинин төрагасы

А. Акматов