Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № IV-9
Гулистан айыл аймагындагы жаңы конуштардагы көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2006-жылы калктуу конуштарды кеңейтуу максатында жарандарга турак жай куруу үчүн жер участкалары берилген. Азыркы күнгө келип жарандарыбыз жаңы участкаларга турак жай куруп, көчүп чыгышкан. Аларга көчөнүн аты жоктугу кыйынчылыктар алып келүүдө. Айрыкча медицина мекемелерине, билим берүү мекемелерине, почта, телеграф мекемелерине, жеке документтерди алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Жаңыдан уюшулган көчөлөрдүн тургундары өздөрүнүн көчөлөрүнө ысым ыйгаруу боюнча арызданышкан. Ошондуктан Гулистан, Кызыл Сай, Бостон участкаларында жаңыдан уюшулган көчөлөргө ысым ыйгаруу керек. Бул маселе айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясында каралып тийиштүү сунуштар берилген.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынданы Гулистан, Фрунзе айылдарындагы жаңыдан уюшулган көчөлөргө төмөнкүчө ысымдар ыйгарылсын:
2. А) Гулистан айылы боюнча:
1. Гулистан айылынын Абдуллаев көчөсүнүн аягындагы жаңы конуштагы (Хожамов Шухраттын уйунун күн батыш тарабындагы) 1-көчөгө Орто Арык-1 наамы ыйгарылсын;
2. Гулистан айылынын Абдуллаев көчөсүнүн аягындагы жаңы конуштагы (Хожамов Шухраттын уйунун күн батыш тарабындагы) 2-көчөгө Орто Арык-2 наамы ыйгарылсын.
3. Гулистан айылындагы Жаңы Ноокат айыл өкмөтү менен чектеш Насиров атындагы көчө Шакар Кыштак деп өзгөртүлсүн.
Б) Фрунзе айылы боюнча:
1. Кочкор Ата участкасынын жаңы конуштарынын чыгыш тарабынан күн батыш тарабына чыгарылган 1-көчөгө Кочкор Ата-1 наамы ыйгарылсын;
4. Кочкор Ата участкасынын жаңы конуштарындагы чыгыш тарабынан күн батыш тарабына чыгарылган 2-көчөгө Кочкор Ата-2 наамы ыйгарылсын;
5. Кочкор Ата участкасынын жаңы конуштарынын күн чыгыш тарабынан күн батыш тарабына чыгарылган 3-көчөгө Кочкор Ата-3 наамы ыйгарылсын;
6. Кочкор Ата участкасынын жаңы конуштарынын күн чыгыш тарабынан күн батыш тарабына чыгарылган 4-көчөгө Кочкор Ата-4 наамы ыйгарылсын;
7. Коён Талаа участкасынын жаңы конуштарынын түндүгүнөн түштүгүнө чыгарылган 4-көчөгө Коён Талаа-4 наамы ыйгарылсын;
8. Коён Талаа участкасынын жаңы конуштарынын түндүгүнөн түштүгүнө чыгарылган 5-көчөгө Коён Талаа-5 наамы ыйгарылсын;
9. Коён Талаа участкасынын жаңы конуштарынын түндүгүнөн түштүгүнө чыгарылган 6-көчөгө Коён Тала-6 наамы ыйгарылсын;
10. Кара Кой участкасындагы көчөдөгү Кара Кой көчөсү Чоң Кыштоо деп өзгөртүлсүн.
3. Жаңыдан наам коюлган көчөлөргө тийиштүү көрсөткүч жана номерлерди даярдоо жана илүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш.Таштемировго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун бирден нускасын райондук кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жеткирүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы | И. Ташматов
|