Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 7
Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн статист-экономист жетектөөчү адис кызмат ордун келишим менен штат бирдигин бекитүү боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 17.03.2014-жылдагы № 145 жана 19.12.2014-жылдагы № 715 (ЖӨБ органынын кээ бир мамлекеттин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү) токтомунун негизинде Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн статист-экономист жетектөөчү адиси кызмат ордун келишим менен штат бирдиги бекитилсин.
2. Сметада каралган акча каражаты мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана Финансы министрлигинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тийиштүү комиссияга жана Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Кыдырмаевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.uchkun.naryn- region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Респбликасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
Учкун айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Осмоналиев
|