Редакцияот 04.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу кеңешинин V чакырылышынын ХХVIII сессиясы

 

2015-жылдын 4-ноябры № 28/1

Кара –Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин 9 айдын ичинде аткарган иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 27-беренесинин 4-пунктуна ылайык, кара-Суу айыл окмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин 2015-жылдын 9 айынын ичинде аткарган иштери тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылөкмөтүнүн башчысы Т. Э. Жунушалиевдин 9 айдын ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2. Иштин жүрүшү боюнча отчеттун негизинде айтылган сын- сунуштардан, кемчиликтерден тез аранын ичинде жыйынтык чыгаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Т. Э. Жунушалиевге тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

                                                                                                                                     Т. Курткаев