Редакцияот 04.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу кеңешинин V чакырылышынын ХХVIII сессиясы

 

2015-жылдын 4-ноябры № 28/4

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Орток айылына жаңы жол салууга жер бөлүп берүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин, Орток айылын негизги чоң жол менен бириктирүүчү жаңы жол салууга жер бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орток айылын негизги чоң жол менен бириктирүүчү жаңы жол салуу үчүн 3,6га (узуну4,5(төрт жарым) километр, туурасы8(сегиз) метр) жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Орток айылын негизги чоң жол менен бириктирүүчү жолго бөлүнүп берилген жерге тиешелүү уруксаат иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

                                                                                                                                   Т. Курткаев