КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 28-апрели № 21/2
Жеке менчик турак жай салуу үчүн тамарка алуучу атуулдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Катран айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси Н.Салимбеков жана айылдык Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан такталган тамарка алуучу атуулдардын тизмесин карап Катран айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамарка алуучулардын такталган тизмеси бекитилсин.
2. Бекитилген тизме элге маалымат катары көрүнүктүү жерге илинсин.
3. Тамарка алуучуларга Таш-Короо участкасынан 0,08га аянттан жер тилкеси берилсин.
4. Катран айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгына байланыштуу Ген планга төлөнүүчү төлөм тамарка алуучу атуулдарга калтырылсын жана төлөнүүчү төлөмдөрүн чогултуу айыл өкмөтүнүн жер жана курулуш боюнча адиси Н. Салимбековго жүктөлсүн.
5. Жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкелер чүчү кулак негизинде атайын комиссия түзүлүп берилсин.
6. Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынан тийиштүү документтерди алгандан кийин курулуш ишин баштоо жер участок ээлерине милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Н.Салимбековго тапшырылсын.
Катраң айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Акматов
|