Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-апрели № 21/6
Козу – Баглан” орто мектебинин педагогикалык Кенешинин токтомун бекитүү жөнүндө
“Козу-Баглан” орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2015-жылдын 13-февралындагы № 3|2 токтомун карап Катран айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Козу-Баглан” орто мектебинин педагогикалык кенешинин 2015-жылдын 13-февралындагы № 3|2 токтому бекитилсин.
2. “Козу – Баглан” орто мектебине Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сапаров Ормоштун ысымы берилсин.
3. Мектептин атын өзгөртүү боюнча документ иштерин толугу менен аткаруу мектеп директору Ы. Алимовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчы Т. Сайдуллаевге тапшырылсын.
Катраң айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Акматов
|