Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-апрели № 21/12
Катран айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Турмуш жана Озгерюш айылдарынын азыркы аталыштарын өзгөртүү жөнүндө
Жаны-Турмуш айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун 2015-жылдын 21-апрелиндеги, Өзгөрүш айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун 2015-жылдын 23-апрелиндеги протоколдорун угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Турмуш жана Озгерюш айылдарынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдору бекитилсин.
2. Азыркы Жаны-Турмуш айылынын аталышы Баул айылы болуп, ал эми Озгерюш айылынын аталышы Өзгөрүш айылы болуп өзгөртүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Салимбековго тапшырылсын.
Катраң айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Акматов
|