Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-апрели № 21/13
Катран айыл аймагынын “Шоро” участогундагы айыл чарбасына жараксыз таштак жайыт жерлеринин эсебиндеги №540-контурунан 0,03га таштак жайыт жерди Катран айыл өкмөтүнүн алдындагы жер тандоо комиссиясынын жана райондук жер тандоо комиссиясынын актысынын чечимине ылайык Катран айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл аймагынын Шоро участкасындагы айыл чарбасына жараксыз таштак жайыт жеринин эсебиндеги № 540 контурдагы 0,03га таштак жайыт жерди айыл чарбасынын категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Катран айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исаевге тапшырылсын.
Катраң айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Акматов
|