Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 22/1
Катран айыл аймагындагы айыл башчылардын алты айлык аткарган иштери жөнүндө
Катран айыл аймагындагы айыл башчылардын алты айда аткарган иштери жөнүндө билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл башчылардын 2015-жылга карата кабыл алынган ТӨП программасы боюнча 1-жарым жылдыкта аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2-жарым жылдыкта ТӨП программасында белгиленген иш чараларды аткаруу жагы айыл башчылар С.Бердибаев, А.Сапаров, К.Туратов жана А.Жороевдерге милдеттендирилсин.
3. Айылдардагы жарыктандыруунун иштешине, жолдордун сакталышына көз салуу, таштандыларды иретке келтирүүгө көнүл бурулсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жан социалдык жактан коргоо комитетине жүктөлсүн.
Катраң айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Акматов
|