Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 22/2
Катран айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын алты айлык аткарган иштери жөнүндө
Катран айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э.Айтбаевдин алты айда аткарган иштери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын 2015-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджеттин аткарылышы боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2-жарым жылдыкта ТӨП программасында белгиленген айылдардагы аткарылуучу иш чараларга бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын камсыздоо жагы ФЭБнүн башчысы Э.Айтбаевге мидеттендирилсин.
3. Катран айыл аймагындагы мекеме уюмдардын №5 Гимназия мектебинин, “Өзгөрүш”орто мектебинин ж.б. мекеме уюмдардын электр энегиясы боюнча тийиштүү документтерин тез арада бүткөрүү жагы мекеме уюмдун жетекчилерине, финансылык жактан камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э. Айтбаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин бюджет комитетине тапшырылсын.
Катраң айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Акматов
|