Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-августу № 22/6
Катран айылындагы № 5 Гимназия мектебинин күн батыш тарабындагы 126 м2 жер тилкесин жана “Козу Баглан” орто мектебинин күн батыш тарабындагы 66м2 жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Катран айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Салимбековдун бош турган жерлерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны пайдалануу жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айылындагы № 5 Гимназия мектебинин күн батыш тарабындагы 126 м2 жер тилкеси жана Козу Баглан орто мектебинин күн батыш тарабындагы 66 м2 жер тилкеси муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Аталган мектептердин жанындагы белгиленген муниципалдык жер тилкелерине ар кандай курулуштарды курууга уруксат берилбесин.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Салимбековго тапшырылсын
Катраң айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Акматов
|