Редакцияот 04.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык кеңешинин XХVI чакырылышынын XХVIII сессиясы

 

2016-жылдын 4-октябры № 28/6

Чөпкө чабылган аянтты арпа аянтынан бир жылдык чөп аянтына которуп берүү жөнүндө

2016-жылы 488 гектар арпа өсүмдүгү айдалган дыйкандардын жер үлүшү аз болгондуктан жана малдын башы өсүп, тоюттун запасын даярдоо максатында 100 гектар арпа чөпкө чабылган. Жогорудагылардын негизинде  Депутаттардын Чет-Нура айылдык кеңешинин XXVIII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын 19-сентябрь 2016-жылдагы актысынын негизинде 100 га арпа аянты 1 жылдык чөп аянтына которулсун.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Ж. Жакыпов