Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № IV/IV
2016-жылга каралган бюджеттен үномдөлгөн жана пайдаланылбай калган статьядагы каражаттарды жетишсиз болгон статьяга жылдырып берүү жөнүндө Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмотүнүн башкы бухгалтери Н.Барктабасованын маалыматын угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Жыл ичинде каралган бюджеттен башкаруу аппаратынан 22311200-статьядан үнөм болгон 97,5 (токсон жети мин беш жүз)сом төмөндөгүлөргө которулсун.
А) түстүү принтер алууга 23,0(жыйырма үч мин)сом.
Б) Компютер алууга 25,0(жыйырма беш мин)сом.
В) Фотоапарат алууга 8,0(сегиз мин)сом.
Г) принтер 3 в 1 алууга 16,0(он алты мин)сом.
Д)2017-жыл үчүн айылдагы жолбун иттерди аттырууга 15,0(он беш мин)сом.
Ж) 2017-жылдын 1-жарым жылдыгына газеталардын тиркемесине 6,0(алты мин)сом.
З) Бала бакчанын отканасынын вентиляциондук материалдарына 5,5(беш мин беш жүз)сом.
Баары : 97,5(токсон жети мин беш жүз)сом.
2. Баардыгы 97,5мин сом акча каражатын статьядан статьяга жылдырып берүү жагы Ат-Башы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул акча каражаттар бекитилген сметага ылайык казына болүмү аркылуу чыгымдоо жагы финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага милдеттендирилсин.
Ача-Кайынды айылдык Кеӊешинин төрагасы | Г. Асанова |