Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 28/31-4
Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде чыгаруу жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык кеңеши чыгарган ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде чыгаруу жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаардык кеңеши чыгарган ченемдик укуктук актылар мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Иманбеков
|