Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-марты № 4/2
Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылышы, 2018-2019-жылдарга божомолун 2017-жылга киреше жана чыгаша болугун бекитүү жөнүндө
Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга киреше жана чыгаша булактарынын аткарылышы боюнча, 2017-жылга бюджеттин долбоорун жана 2018-2019-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Кыргызбаеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Барпы айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга кирешелеринин аткарылышы 23989,9мин сомго: анын ичинен жергиликтүү кирешелер 15055,1 мин сом жана республикалык бюджеттин трансферттери 8934,8 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалар 24312,5 мин сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык аткарылышы бекитилсин.
2. 2017-жылга айыл өкмүтүнун жергиликтүү бюджетинин кирешелери атайын каражаттар менен кошулуп 27756,4 мин сом, 2018-жылга 28659,8 мин сом, 2019-жылга 29255,1 мин сом олчомундо № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тендоо грантынын көлөмү 2017-жылга 11869,0 мин сом, 2018-жылга 12256,4 мин сом, 2019-жылга 12350,7 мин сом өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге № 4 тиркемеге ылайык жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнун бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 27756,4 мин сом өлчөмүндө № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин..
5. 2017-жылга электр энергиясынын лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин. Коммуналдык кызматтар жана жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) аткарылган көлөмдөрү боюнча карыздарды өз убагында жабуу үчүн айыл өкмөт башчысы көзөмөл жүргүзсүн.
6. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамаш-ашы учун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 15.01.2008-жылдагы № 7 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон акча каражаты № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 240,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
8. Пландык көрсөткүчтөрдөн ашыкча жыйналган кирешелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык айылдык кеңештин чечиминин негизинде пайдалануу эскертилсин.
9. Айыл округунун башкаруу бөлүмүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403, 28-июнундагы № 384, 2-октябырндагы № 543 «К.Р. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органын типтүү түзүмү жана штаттык саны тууралуу» токтомунун негизинде № 8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жана калктын санына жараша 12 айыл башчы штат жана аскерге каттоо бөлүмүнүн 4 штат бирдиги № 8 тиркемеге ылайык кармалсын.
11. Кыргыз Республикасынын 30.05.2016-жылдагы № 75 мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жөнүндөгүу мыйзамынын 31- беренесинин 7-пунктуна ылайык муниципиалдык кызматкерлерди жылдын жыйынтыгы менен баалоонун негизинде 1 айлык өлчөмүндө сый акы толонсун.
12. Кыргыз Республикасынын 30.05.2016-жылдагы № 75 мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 31- беренесинин 10-пунктуна ылайык кызматкерлерди материалдык жактан колдоо максатында социалдык тиричилик маселелерин чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 айлык өлчөмүндө материалдык жардам көрсотүлсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы № 66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги № 9 тиркемеге ылайык кармалсын.
14. Турак-жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн штат бирдиги № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. Транспорттук чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы № 767 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 18.09.2006-жылдагы № 672 токтомунун негизинде № 11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. Жайыт пайдалануудан чогулуучу каражаттарды өндүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Каржоодиевке милдеттендирилсин жана жайыт комитетинин чыгымдары, штаттык бирдиктери № 12 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. 2017-жылга башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары № 13 тиркемеге ылайык ар түрдүү чыгымдар суммасы 1179,4 мин сом, чарбалык буюмдарды алуу чыгымдарына 140,0 мин сом, машиналара жабдууларды алуу чыгымдары 236,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
18. 2017-жылга ЖХК бөлүмүнүн чыгымдары № 14 тиркемеге ылайык ар түрдүү чыгымдар суммасы 155,0 мин сом, имараттар курулмалар чыгымдарына 2629,0 мин сом, мүлктү учурда ондоо чыгымдары 1550,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
19. 2017-жылга маданият бөлүмүнүн чыгымдары № 15 тиркемеге ылайык ар түрдүү чыгымдар суммасы 215,0 мин сом, мүлктү учурда ондоо чыгымдары 100,0 мин сом, машиналар жабдууларды алуу чыгымдары 57,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
20. 2017-жылга билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары № 16 тиркемеге ылайык ар түрдүү чыгымдар суммасы 214,0 мин сом, имараттар курулмалар чыгымдарына 4312,5 мин сом, машиналара жабдууларды алуу чыгымдары 301,0 мин сом, мүлктү учурда ондоо чыгымдары 650,0 мин сом, чарбалык буюмдарга 256,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
21. Балдар бакчаларындагы ата-энелерден 1ай учун төлөнүүчү каражат Арууке, Баластан, Жеткинчек бакчаларында 600 сом, Элхан бакчасында 500 сом өлчөмүндө төлөө белгиленсин жана чогулган каражатты бюджеткке толугу менен төлөп иштетүү жагы балдар бакчаларынын жетекчилерине жекече милдеттендирилсин.
22. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага салык инспекторуна, аренда бухгалтерине жеке милдеттендирилсин.
23. 2017-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмотүнүн башчысы А.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
24. Айыл округу боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча каражаты 01.01.2018-жылга карата 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.
25. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына А.Сыргабаевке жүктөлсүн.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |