Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-майы № 3
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Дыйкан айылынын Дисней бала бакчасына 2-транш келгендигин белгилөө, Нур Шоола бала бакчасына кошумча план кароо жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Кабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап 6-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Дыйкан айылдык Дисней бала бакчасынын ремонт иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу 2-транш 288 197 (эки жүз сексен сегиз миң бир жүз токсон жети) сом кошумча жумуш жасоого которулуп берилсин.
2. Кара-Суу айылдык Шур-Шоола бала бакчасы үчүн ата-энелер тарабынан түшүүчү атайын каражатка 80 000 (сексен мин) сом кошумча каралсын.
3. Мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
4. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ш.Кабаевге калтырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Иманкулов |